Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары киши колдуу болуп каза тапканы айтылууда
- 27.03.2022, 17:10,
- Башкы / Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиев киши колдуу болгону кабарланууда. Бул тууралуу облустагы ишенимдүү булактар кабарлашты. Маалыматка ылайык, 47 жаштагы Мухамадиевди 27-мартта бычактап кетишкен. Учурда окуянын жагдайлары иликтенип жатат.
Облустук ички иштер башкармалыгы Мухамадиевдин өлүмүн ырастады. Анын кандай жагдайда каза тапканын тактаган жок.
Булак: Азаттык