У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мелис Турганбаев Орхан Инанды менен жолугушканын ырастады


     
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Мелис Турганбаев Орхан Инанды менен жолугушканын ырастады. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.
 
Ал Грузиядан 7-июнда кайтып келгенин, 31-майдан 1-июнга караган түндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды менен 31-майда жолукканын ырастады.
 
«Ооба, биз Адриано кафесинде жолукканбыз. Орхан Инанды 20 жылдан ашуун тактап айтканда Бишкектин Свердлов районунда биринчи «Сапат» мектебин ачкандан бери билем. Бул 1990-жылдардын аягы болчу. Биздин достук мамилелерибиз бар. Ошол күнү биз билим берүү тутумун талкуулаганбыз, менде бизнес ачуу идеясы бар. Менин жанымда уулум бар болчу, 30 мүнөт сүйлөшүп, жолго чыкканбыз. Орхан Инанга ага чейин да жолугуп жүрчүмүн. Ал балдарды «Сапат» мектебине жайгаштырууга жардам берген. Ал эми Грузия менен Украинага спорт боюнча барып, 7-июнда кайтып келдим», - деди Мелис Турганбаев.
 
Ал Орхан Инанды жоголгондон кийин тергөө-ыкчам тобу түзүлгөнүн кошумчалап, видеорегистратордогу кадрларды социалдык тармактарга жайгаштыруунун кажети жок экенин, анткени бул тергөөгө тоскоол боло турганын айтты.
 
“Орхан Инанды адамгерчиликтүү адам. Мен аны жакшы жагынан гана билем. Аны табат деп үмүттөнөм. Биз тергөө иштерине тоскоол болбой, поезддин алдынан чуркабай турушубуз керек», - деп кошумчалады Мелис Турганбаев.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter