У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Видео: Москвада 36 жаштагы мигрант элдин көзүнчө аялын бычактап өлтүрдү



Москвада «Каширская Плаза» соода борборунун жанында Өзбекстандын жараны кызганычтан улам аялын бычактап өлтүрдү. Ал аялына жети жолу бычак сайган. Аял алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу «Московский комсомолец» жазып чыкты. 
 
Окуя 10-сентябрда саат 50-30да элдин көзүнчө болгон. Эркек кишинин аялды сабап жатканын көргөндөр милиция чакырышкан. Тилекке каршы, күч органдары келгенде аял алган жараатынан улам каза болуп калган. 
 
Күч органынын кызматкерлери кылмышка шектүүнүн изин суутпай, дароо колго түшүрүшкөн. Кылмышка шектүү 36 жаштагы Өзбекстандын жараны экени тастыкталган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, 29-жаштагы аялын кызганычтан улам өлтүргөнүн айткан.  
 
Бул факты боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иштери башталды. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter