У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто таңга маал аялдын үйүнө кирип, бычактап, сейфти уудай качкандар кармалды


Ош облусунун Кара-Суу районунда таңга маал үйгө кирип, уктап жаткан аялды бычактап, үйдөн сейф уурдап чыккан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 27-февраль күнү саат 07:13тө Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө саат 06:40 чамасында, Кара-Суу шаарынын жашоочусу 55 жаштагы Т. У. аттуу аял киши миздүү нерседен денесинен жарат алып ооруканага келип түшкөнү кабарланган.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 27-февраль күнү саат 05:00 чамасында белгисиз эки жаран беттерин жаап, Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги турак үйгө мыйзамсыз киришкен. Үйдө уктап жаткан аялды өздөрү менен бирге ала келишкен жыгач таяк менен башка чаап, андан кийин бычак сайып, бөлмөдө турган темир сейфти көтөрүп чыгышып, окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен. Ал эми жаракат алган аял Кара-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө үч саат жатып, кийин каза болуп калган.

Бул факты көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүштөгү жазык ишке катталып, тергөө амалдары башталган. Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектелип, Кара-Суу шаарынын 20 жаштагы А. А. жана К. А.аттуу жарандар кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иш боюнча шектүүлөрдүн биринин үйүнөн темир сейф ачылбаган абалда, 1 бычак, 1 жыгач таяк жана бет каптар табылган. Ал эми каза болгон аялга карата соттук-медициналык, экспертизалар дайындалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter