У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан коммунисттер партиясы “Азаттык” партиясын сотко берет


Кыргызстан коммунисттер партиясы “Азаттык” партиясын сотко берет. Бул тууралуу саясий уюмдан билдиришти.
 
Маалыматта буга чейин журналист Болот Темиров журналисттик иликтөөнүн алкагында “Азаттык” партиясы тарабынан плагиат тапканы айтылат. Муну коммунисттер ырастап, “Азаттык” партиясы Кыргызстан компартиясынын программалык максаттарын көчүрүп алганын белгилешти.
 
«Бул интеллектуалдык менчик укуктарын бузуу болуп саналат. Буга байланыштуу “Азаттык” партиясын сотко берип, компенсация талап кылууга даярбыз. Документтер даярдалып жатат. Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлү Амантур Манапбаев сот органдарына арыз жана БШКга арыз менен кайрылат», - деп белгилешти саясий бирикмеден.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter