У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дебат учурунда КТРКнын жарыгы эмнеге өчтү? "Түндүк электр" ишканасы жооп берди


Кечээ саясий партиялардын шайлоого карата дебаты учурунда КТРКнын жарыгы өчүп калганы соцтармактагылардын чыдамын кетирди. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы түшүндүрмө берди.

"Саат 21:36да "Новозападная" кабелдик линиясындагы 35 киловаттык "Жер" деген секциядагы коргонуу линиясы өзүнөн өзү иштеп кеткен. Анын натыйжасында "Новозападная – Сельмаш-1" кабелдик линиясы жабыркаган. "Түндүк электрдин" кызматкерлери ыкчам түрдө "Жерди" таап, башка линияга которуп, көйгөйдү чечишти", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жарыктын өчүп калышынын себебин иликтеген комиссия түзүлдү. Жыйынтыгы боюнча тиешелүү чара көрүлөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter