Дебат учурунда КТРКнын жарыгы эмнеге өчтү? "Түндүк электр" ишканасы жооп берди
- 01.10.2020, 14:09,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ саясий партиялардын шайлоого карата дебаты учурунда КТРКнын жарыгы өчүп калганы соцтармактагылардын чыдамын кетирди. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы түшүндүрмө берди.
"Саат 21:36да "Новозападная" кабелдик линиясындагы 35 киловаттык "Жер" деген секциядагы коргонуу линиясы өзүнөн өзү иштеп кеткен. Анын натыйжасында "Новозападная – Сельмаш-1" кабелдик линиясы жабыркаган. "Түндүк электрдин" кызматкерлери ыкчам түрдө "Жерди" таап, башка линияга которуп, көйгөйдү чечишти", — деп айтылат маалыматта.
Учурда жарыктын өчүп калышынын себебин иликтеген комиссия түзүлдү. Жыйынтыгы боюнча тиешелүү чара көрүлөт.