У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Парламентаризмди бийлик өлтүрдү!


7-каналдын расмий сайты социалдык тармактар аркылуу сурамжылоо жүргүздү. Элдин назарында кайсы партиялар бар экендигине көз жүгүртүңүз. Жыйынтык бир күндүк сурамжылоонун негизинде түзүлдү.

Сурамжылоого жалпы 68 миң 729 интернет колдонуучу катышкан, анын ичинен 2 миң 108 жаран гана добуш берди.
 
1. "Барына каршы" элдик пикир -  569;
2. "Ата-Мекен" саясий партиясы - 559;
3. "Кыргызстан" саясий партиясы - 406;
4. "Биримдик" саясий партиясы - 284;
5. "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы - 156;
6. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы - 76;
7. "Мекенчил" саясий партиясы - 31;
8. "Чоң Казат" саясий партиясы - 19;
9. "Мекен Ынтымагы" - 3;
10. "Ыйман Нуру" - 3;
11. "Реформа" - 1;
12. "Бир бол" - 1 добушту түздү.

Бирок ушул жерде белгилей кете турган маселе бар. Дегеним, элдин шайлоого болгон реалдуу мамилеси менен бийликтин аракети такыр башка болууда. Бул жагдайга байланыштуу өз көзүм менен көрүп, көбө болгон айрым көрүнүштөр боюнча алдын-ала өз оюмду айтып коюшум милдет. 

мына 2010-жылы авторитардык Бакиевдик бийликтен жалпы эл, анын ичинде биз жаштар эптеп арылдык. Бакиевдик режимден кутулуу Кыргызстан үчүн 100 дөн ашык өмүрдү алды. Балким, ошол маркумдардын арасында мен да болуп калмакмын. Анткени, элимдин келечегине кайдыгер эмесмин. Мен жаран катары ушул "Фабула" оппозициялык сайтына жеке пикиримди бөлүшкүм келип жатат.

2010-жылдан кийин Кыргызстан мамлекетибиз бүт дүйнөгө белгилүү болгондой жалпы демократиялык системаны курабыз деген ойдо болгом. Тилекке каршы, 2020-жылдан тартып, бийликке лоялдуу "Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстан" партиясын адмистративдик күч менен шайлаганы турабыз. Буга бир гана мисал. Мен иштеген Юнесконунун атайын коргоосуна алынган Сулайман тоону атайын жабдыктар менен жабдуулап жатканда (камера, коопсуздук) ошол жерде жогорудагы мен атаган эки партиянын добуш сатып алуу, элди манупуляцилоо иштерин уюштурган атайын топторду көрдүм. Алардын аттарын атоо мен үчүн өмүрүмө тобокелчилик жаратат.

Биз мындай кадам менен демократияга, эркин шайлоо укугуна чек коёбуз. Кыргызстан Орто Азияда сөз эркиндиги жана шайлоо эркиндиги боюнча лидер болушу керек. Эгерде, биз демократия үчүн күрөшпөсөк, Кыргызстан коркунучта.


Жаш саясатчы Медетбеков Ерлан Душанбекович. 17-август, 2020-жыл.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter