У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Ата ооруканасында жарык өчүп, кычкылтек концентратору менен дем алып жаткан бейтап каза болду

Ысык-Атанын аймактык ооруканасында электр энергиясы өчүп калып, кычкылтек концентратору менен дем алып жаткан бейтап каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдун жакындары айтып беришти.
 
Окуя 8-июлда болгон. Эркек киши эки тараптуу пневмонияга чалдыгып, ооруканага түшкөн. Туугандарынын айтымында, бир ай мурун тапшырган ПЦР-тесттин жыйынтыгы ушу кезге чейин чыга элек.
 
"Ал бизге ооруканада жарык өчүрүлгөндүктөн, концентратор да иштебей калганын айтып үлгүрдү. Бир аздан кийин эле жооп бербей калды. Ооруканадан электр энергиясы өчүп, генератор да иштебей калганын айтышты. Ошол эле дарыгерлер жарык эки саат бою берилбегенин да маалымдашты. Бул эки саатта канча деген адам өмүрү менен кош айтышты. 21-кылымда да ушундай болобу?" — деп нааразы болушту маркумдун жакындары.
 
Каза болгон кишинин туугандары Саламаттыкты сактоо министрлиги менен "Түндүкэлектрден" түшүндүрмө талап кылышууда.
 
Мамлекеттик органдар азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек.
 
Булак: sputnik.kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter