У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус АКШ менен Кытайдын ынтымагына доо кетирди. Тиреш башталды.


Коронавирус инфекциясынын мынчалык тамыры жайылып кеткенине Кытай күнөөлүү экенин АКШнын президенти Дональд Трамп көптөн бери эле айтып келет. Кытайга болгон ачуусу менен  21-июлда АКШ Кытайдын Хьюстон шаарында жайгашкан башкы консулдугун жапкан.

Мындай кадамга Кытай да жооп кайтарды. Алар Чэнду шаарындагы АКШнын Башкы консулдугун жапты. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

АКШнын Чэнду шаарындагы башкы консулдугу 1985-жылы ачылган. Ал өлкөнүн түндүк-батышына, анын ичинде Сычуань, Юньнань, Гуйчоу жана Тибет автономдук райондоруна жооптуу болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter