Ысык-көл эли Бишкек шаарына жардам үчүн 100 тонна картошка жөнөтүштү
- 27.04.2020, 15:48,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Элдин башына кыйынчылык түшкөндө эл эле бири-бирине жардам берип, бири-бирин колдон тартып, жөлөп-таяйт экенин өз көзүбүз менен көрүүдөбүз. Буга дагы бир мисал катары, Ысык-Көл облусунун элинин гуманитардык жардам катарында Бишкек шаарына 100 тонна картошка жөнөткөнүн алсак болот. Бул тууралуу облустук ыкчам штабы кабарлады.
“
Картошка борбор калаадагы муктаж жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Ысык-Көл облусунун жашоочулары тарабынан чогултулуп, бөлүштүрүү үчүн шаардык мэрияга өткөрүлүп берилди”,-деп айтылат маалыматта.