У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде мектептер, бала бакчалар азырынча ачылбайт


Баткенде мектептер, бала бакчалардын баары азырынча иштебейт. Ал эми дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, банктарга 20-сентябрдан тарта иш баштоо эскертилгенин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда брифинг учурунда билдирди.
 
"Баткенде азырынча мектеп, бала бакчалар ачылбайт. Себеби эвакуация болгон айыл тургундары үйлөрүнө толук кайтып бара элек. Баткендин мэрине банктар, кафе-ашкана, дүкөндөр баары эртеңден тартып ишке кирсин деп тапшырма берилген. Мамлекеттик кызматкерлердин баары ишке чыкты", - деди Алимбаев.
 
Тажиктердин куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда болжолдуу 282 турак жай, мектеп, бала бакчалар жана башка социалдык мекемелер жабыркаган. Кыргыз тарап 59 жаранын жоготуп, 183 адам жараат алды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter