У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мэрия: "Тажиктердин кол салуусунан жабыркап, Бишкекте дарыланып жаткандарга 10 миң сомдон берилет"


Тажикстандын күтүүсүз кол салуусунан жабыр тартып, Бишкек шаарында дарыланып жаткан бейтаптардын ар бирине шаардык бюджеттен 10 миң сомдон бөлүнөт. Бул тууралу шаардык мэриянын маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарында 56 адам дарыланып жатат.
"Алардын ичинен 11и Улуттук госпиталда, 9у Улуттук хирургия борборунда жана 36сы Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алды. Мындан тышкары үйлөр, мектептер жана башка имараттар өрттөлүп, ири суммадагы материалдык чыгымга алып келди.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter