Бишкектеги бала бакчалар азырынча толук ачылбайт
- 27.03.2021, 11:47,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектеги бала бакчалар азырынча толук ачылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалаева түз билдирди.
«Билим берүү министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан алгоритмдин сакталышын эске алуу менен 9-марттан баштап Бишкек шаарындагы даярдоо жана жогорку тайпалар үчүн бала бакчаларды ачтык. Ар бир топто 10дон ашык эмес бала бар. Ошондой эле, өтө муктаж үй-бүлөлөр үчүн нөөмөттүк топторду ачтык. Азыр 4300гө жакын бала бакчага барып жатат. Бирок борбордогу азырынча бала бакчалар толук ачылбайт», - деди ал.