У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткен облусунун жаңы башчысы чек ара чырында талкаланган айылдарды кыдырып, жаңы үйлөрдүн курулушу башталганын айтты


Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Итернационалл айылдарында жумушчу сапар менен болду.

Ыйгарым укуктуу өкүл, президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимов менен бирге, куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жана калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүн жеринде көрүп чыгышкан. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл Максат айылынын эли менен жолукту. Бул күндөрү облустун чек ара аймактарында орун алган окуяга байланыштуу түзүлгөн, калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча облустук комиссия иштеп, жетекчилер, жергиликтүү тургундар менен бирге маселелер талкууланган.

"Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү тугундарды сабырдуулукка чакырып, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңул бурулаарын, кыска аралыкта турак үйлөрдү куруу, жарандардын жоголгон документтерин берүү иштери аткарылаарын белгиледи. Ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилерге, тазалоо иштери аяктаган жерлерде, турак үйлөрдүн курулушун баштоону тапшырды. Турак үйлөрдүн курулушун бүгүн 11-майда баштоо пландаштырылды.
Жергиликтүү тургундар, азык түлүк, кийим кече, турмуш тиричиликке керектүү болгон жардамдар жетиштүү берилип жатканын, калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазычылыктарын билдиришти", - деди маалымат катчы.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter