У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жаракат алган чек арачыга операция жасалат


Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жаракат алган чек арачыга операция жасалат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
 
Анын айтымында, чек арачынын абалы оор. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.
 
«Ал жаңы эле ооруканага жаткырылды, ага операция жасалат. Алдын ала маалыматтар боюнча, аскер кызматкеринин бир нече жарааты бар», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.
 
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы дарыгерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын билдирди. Тез жардам унаалары чек арада турат.
 
«Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканалардын операциялык топтору жарадарларды кабыл алууга даяр. Эгерде таң атканча жарадар болгондор болсо, дарыгерлер кесиптештерине жардам берүүгө жөнөтүлөт», - деп кошумчалады Алымкадыр Бейшеналиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter