У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ИИМ: Баткен облусунда жарандардын коопсуздугун коргоо максатында ар бир айылда коопсуздук чаралары көрүлүүдө


2021-жылдын 2-майына карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Мекеменин билдиргенине караганда, чек арага жакын айылдардагы коопсуздук абалы толугу менен көзөмөлдө. Азыркы мезгилде чек арага чектеш аймактарда абал тынч. Түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок. Милиция кызматкерлери тарабынан блок посттор коюлуп, чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. 
Куралдуу кагылышуунун каардуу күндөрүн башынан өткөргөн Баткен облусунун чек арага чектешкен бардык айылдары толугу менен кайтаргууга алынып, блок посттор коюлуп, милициянын кайгуул топтору коомдук тартипти сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.
 
Ошондой эле, айылдарга блок посттор коюлуп, милициянын кайгуул топтору коомдук тартипти сактоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп алып барып жатканын баса белгиледи.
«Алсак, Баткен облусундагы Баткен району боюнча Аксай, Көкташ, Самаркандек, Орто-Боз айылдарында, Сүлүктү шаары боюнча Кызыл-Бел участкасында коюлган блок посттордо милициянын кайгуул топтору, Кызыл-Кыя шаары боюнча коюлган блок посттордо милициянын беш кайгуул тобу,  Кош-Булак участкасында, Сүлүктү шаарында милициянын эки кайгуул тобу, Кадамжай району Бүргөндү, Кадамжай айылдарында коюлган  эки блок постто жана Уч-Коргон, Айдаркен, Бүргөндү айылдарында милициянын үч кайгуул тобу, Лейлек району боюнча Исфана шаарында  коюлган блок постто, Кулуңду, Интернационал, Арка-1, Арка -2, Достук , Жаштык, Ак-Арык, И.Разаков айылдарында милициянын кайгуул топтору, Баткен шаары боюнча Кызыл-Жол айылында коюлган блок постто,  Баткен шаарынын аймагында төрт милициянын кайгуул тобу коомдук тартипти сактоо жана ар кандай укук бузууларга жол бербөө максатында түнкү жана күндүзгү күзөттө күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Ошондой эле Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автожолу толугу менен кыргыз милициясы тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, жергиликтүү тургундар менен биргеликте коопсуздукту сакташып, ар кандай тартип бузууларга жол беришкен жок»,-деп жазылат маалыматта. 
 
Мындан сырткары, милициянын бардык кайгуул топтору ыктыярдуу элдик кошундардын, айыл, квартал башчылары менен биргеликте жүргүзүлүп жатканы,  жергиликтүү элдик коопсуздугун камсыздоо максатында жалпы милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшүп жатканы айтылды.
 
«Бул аймактарда жашаган жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоону ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков толугу менен көзөмөлгө алып укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн координациялап, жергиликтүү бийлик органдары, ыктыярдуу элдин кошуундар менен биргеликте кайгуул топторун уюштуруп, эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү колго алган»,-деди ИИМдин басма сөз кызматы. 
 
Ал эми Баткен облусундагы коомдук тартипти сактоо иш-чараларын толугу менен ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алып жатканы белгиленди. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter