У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арадагы атышууда Кыргызстандын төрт аскер кызматкери жараат алды


Чек арадагы атышууда жараат алган төрт аскер кызматкери Көк-Таш айылынан Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилүүдө. Бул тууралуу Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.
 
«Жараат алган төрт аскер кызматкери Баткен райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун эки тез жардам унаасы Көк-Таш айылынан Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирип жатышат. Жарааттын түрү: сыныктар. Жабырлануучулардын саламаттыгы тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.
 
Саат 17:50 чамасында тажик жарандары таш жүктөлгөн унаалар менен Төрт-Көчө аймагына келишкен. Тажикстандын жарандары таштарды түшүрүп, Баткен-Исфана унаа жолун тосушкан. Аларды тажик чек арачылары коштоп жүрүшкөн.
 
Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин унаа жол кыймылы үчүн ачылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter