У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лейлекте чек арадагы атышууда каза болгон аскер кызматкерин акыркы сапарга узатышты


Бүгүн, 10-июлда Лейлек районунун Бешкент айылында тажик чек арачыларынын огунан каза болгон аскер кызматкери, сержант Хуснидин Хожиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. 
 
Маркум чек арачы Хожиев Хуснидин Туйчибаевич 2016-жылдан бери чек арада кызмат өтөп жаткан. Ал акыркы убакта №2021 аскер бөлүгүнүн «Таш-Булак» чек ара тозотунун чарба бөлүмчөсүнүн командири-ашпозчусу болуп иштеп жаткан. Маркумдун артында артында бир уулу калды. 
 
Хожиев Хуснидин 8-июлда саат 17:00 чамасында Лейлек районундагы Сумбула аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда алган жараатынан улам каза болгон. Тажик аскерлери биздин эки аскерди жана үч кызматтык атты туткунга алган. 
 
Кечээ, 9-июлда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен түнкү саат 22:30 чамасында тажик тарап маркум Хуснидин Хожиевдин сөөгүн Кыргызстанга өткөрүп берген. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter