У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Стамбулда Орусия менен Украинанын кезектеги сүйлөшүүлөрү башталды


Стамбулда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын катышуусунда Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги этабы башталды. Бул тууралуу Интерфакс билдирди.
 
Сүйлөшүүлөр «Долмабахче» сарайында жүрүп жатат. Эки тараптын сүйлөшүүсү башталар алдында Түркиянын президенти Эрдоган катышуучуларга кыскача сөз сүйлөдү. Ал сүйлөшүүлөр орус жана украин президенттеринин жеке жолугушуусуна шарт түзөөрүнө үмүт артып, жолугушууну Түркия өз аймагында уюштурууга даяр экенин билдирди.
 
Эрдоган Түркия Украинанын айланасындагы кырдаалга "терең тынчсызданып жатканын" жана ок атышууну токтотууга чакырганын белгиледи.
 
Сүйлөшүүлөрдү Стамбулда өткөрүү келишими Түркия менен Орусиянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter