У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арадагы чыр. Тараптар ок атышууну токтотууга, аскерлерди алып чыгып кетүүгө макул болушту


 Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү болду. Кыргызстандын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.
 
Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарында болгон трагедия эч качан кайталанбашы керектигин, эки мамлекеттин эли бул аймактарда узак тарыхый мезгилден бери жашап келишкенин Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов айтты.  
 
«Элдер ынтымактуу, алардын бири-бирине дооматтары жок. Биз элдерибиздин тынчтыкта жана достукта жашашына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бүгүн, эки мамлекеттин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда биз кыргыз жана тажик жеринде тынчтыкты камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча принципиалдуу макулдашууга жетиштик. Биздин колубуздан келет жана жакын арада баарын чечебиз деп ишенем», - деди ал.
 
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев белгилегендей, бүгүн эки мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациялар төрт пункттан турган протокол кабыл алышты.
 
«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстандын эли оор күндөрдү башынан өткөрүп жатышат, трагедия болду. Азыр жолугушууну өткөрүү биз үчүн кыйынга турду, бирок, ошого карабастан, мамлекет башчыларынын тапшырмасы менен биз бул жолугушууну өткөрүп, ок атышууну толугу менен токтотуп, аскерлерди чек арадан чыгаруу боюнча чечим кабыл алдык. Кудай буюрса, өлкөбүздө толук тынчтык орной ”, - деди Камчыбек Ташиев.
[video=]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter