У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Белорусияда орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсү өтүп жатат


Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү Гомел шаарында башталды. Жолугушуу Украинанын чек арасынан алыс эмес Припять дарыясынын жээгинде өтүүдө.  
 
Делегациялардын сүйлөшүүсү үчүн журналисттер залдан чыгарылды. 
 
Украиналык делегациянын курамында “Эл кызматчысы” фракциясынын төрагасы Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников, украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий, Украинанын парламентинин депутаты, крымдык Рустем Умеров жана үч тараптуу байланыш тобунун өкүлү Андрей Костин бар.

Россиялык делегацияда Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский, Россиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов, депутат Леонид Слуцкий, тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин барган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter