Киев Германиянын канцлеринен Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун уюштурууну суранды
- 10.03.2022, 10:35,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Киев орус президенти Владимир Путин менен украин лидери Владимир Зеленскийдин жолугушуусун уюштурууга жардам сурап Германиянын канцлери Олаф Шольцко кайрылганын Украинанын президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Игорь Жовква немис телеканалынын Tagesschau программасына билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
«Орустар менен президенттердин деңгээлинде гана олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болот. Менин президентим буга даяр. Мындай жолугушууну уюштурууга эл аралык өнөктөштөр жардам бериши керек. Мындай жолугушууну уюштуруу үчүн Германиянын канцлери менен сүйлөшүп жатабыз», - деди Жоквва.
РИА Новости Россия Федерациясы менен Украина буга чейин сүйлөшүүлөрдүн үч раундун өткөргөнүн эске салды. Экинчи айлампанын жүрүшүндө тараптар жарандарды эвакуациялоо, азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүү үчүн гуманитардык коридорлорду биргелешип камсыздоо боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти, бирок алар толук кандуу иштеген жок. Кошумчалай кетсек, эртең Анталияда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун катышуусунда өтүп жаткан Дипломатиялык форумдун алкагында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын жолугушуусу пландалууда.
