Жапаров: Унаалардын терезелерин караӊгылатуудан түшкөн каражаттын жарымына «Камбар-Ата-1» ГЭСин курабыз
- 15.02.2022, 13:21,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Унаалардын терезелерин караӊгылатуудан түшкөн каражаттын жарымына «Камбар-Ата-1» ГЭСин курулат, калганына майыптар үчүн заманбап электроколяскалар сатылып алынат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
«Эгерде депутаттар уруксат берсе, биз ушул жолго түшөбүз. Бул каражаттын жарымын майыптар үчүн заманбап коляскаларды сатып алууну пландап жатабыз. Экинчи 50 пайызына “Камбар-Ата-1” ГЭСин курабыз», - деди Акылбек Жапаров.