У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөттүү болот


 Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинетинде кадрдык өзгөртүүлөр болот деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдиргенин маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Анын айтымында, соңку убакта Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинетинин алмашышы жана башка кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу коомчулукта түрдүү кептер тарап жатат.
 
“Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөттүү болот. Министрлер кабинетинин алдында дымактуу тапшырмалар турат. Анын ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 миллиард сомго чейин жеткирүү боюнча планын ишке ашыруу, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу жана башкалар бар”, - деп айтылат Султанбаев тараткан маалыматта.
 
Өлкөбүздүн жарандары күнүмдүк турмушунда олуттуу өзгөрүүлөрдү сезиши үчүн Министрлер кабинети туруктуу жана узак мөөнөттүү иштеши керек.
 
Ал ошондой эле президент Садыр Жапаров аткаруу бийлигинин башчысы катары министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жеке жоопкерчилигин кароо укугун өзүнө калтырарын баса белгиледи.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter