Чек арада жаӊжал чыккан айылдардын жашоочулары көчүрүлүп жатат
- 27.01.2022, 21:40,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткендеги жаӊжал чыккан айылдагы жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу 27-январда Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, кары-картаңдар, аялдар жана балдар убактылуу коопсуз жерге чыгарылып жатат.
Мындан сырткары жаңжал болгон жерге эң жакын жайгашкан айылдардын тургундары үйлөрүн таштап кетип жатканы да айтылууда.
Жергиликтүү тургундардын айтканына караганада Төрт-Көчө аймагында атышуу уланууда.