У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде атышуу башталып, эки тараптан теӊ атышып жатканы айтылды


 Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев билдирди.
 
Анын айтканына караганда атышуу башталып, эки тараптан тең атышып жатышат. 
 
Тажикстандын бийлиги чек арадагы атышуу тууралуу расмий маалымат бере элек. Окуянын себеби азырынча белгисиз.
 
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун билдирген.
 
Маалыматка караганда, кечки 17:30дан 18:30га чейин жолду тосуу башталган. Окуя курчуп кетпеш үчүн Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров Төрт-Көчөгө барышкан. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
Булак: Азаттык


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter