У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Биздин жалгыз үмүтүбүз Президентте гана калды


 
Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылынын Хан-Теңир конушунун тургундары Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылууда. Алар бир чакырымдан ашык жолду жөө басып, маршрутка кетчү жерге эптеп жетерин, бул өзгөчө балдар менен кары-картаң адамдарга оор болуп жатканын билдиришүүдө. 
 
-Биз, Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын Хан-Теңир конушунун тургундары сиздерге кайрылып жатканыбыздын себеби,-дейт алар,- шаардын 199 маршруттук каттамы биздин конушка чейин, б.а. мыйзамдуу ордуна чейин жүргүзүп берүүңүздү сурайбыз. 
 
 Аталган каттам Хан-Теңир конушуна чейин деп лицензия алып, картасында да ошондой көрсөтүлгөнүнө карабай, бир чакырым жетпей токтоп алган. Андыктан, айыл тургундары ошол аралыкты жөө басууга туура келет. Жайдын мээден өткөн ысыгы, кыштын ызгаардуу суук күндөрү өтө оор болууда. Өзгөчө жаш балдар менен кары-картаңдар шаарга чыгуу өзүнчө түйшүк. Кыштын күнү бир жагынан кычыраган   суук сөөктөн өтсө, бир жагынан тайгалак жол, тирүүнүн тозогун көргөзөт. Жайкысын төбөдөн күн өтүп турганда, чаңдаган жолдо бир чакырым жерди жөө басуунун азабын биздей болуп өз башынан өткөргөндөр гана билет.
 
 Аталган конушта учурда 120 түтүн бар. Жыл өткөн сайын элдин саны өсүүдө. Биз 2019-жылдан бери тиешелүү мекемелерге кайрылып, бул маселени чечип берүүнү өтүнүп келебиз. Быйыл үнүбүз урматтуу Президент Садыр Жапаров, сизге чейин жетип, убадаңызды да алган элек. Ошондо үмүтүбүз жанган. Бирок, маселе али күнгө чейин чечиле элек.
 
 Биз бир гана нерсени сурап жатабыз. Аталган маршруттук каттам мыйзамдуу ордуна чейин жүрүүсүн камсыз кылып бериңиздер. Эгерде алар каалабаса, линиядан алып, анын ордуна башкаларга берүүнү талап кылабыз."-дейт кайрылууда. 
 
 Тургундар бул маселе менен Бишкек шаардык мэрияга барышканда, алар жолду оңдоп койгула деген сунуш берип, бирок, маселени чечип берүүгө аракет кылабыз деп жолго салышкан. Эскерте кетүүчү жагдай, эл маршруттук таксилер токтоочу жерди ажаткана, ашкана өңдүү маселелерди чечип беребиз деп жатышат. Бирок, "жолду оңдогула" деп айтуу ашыкча дейт тургундар. Эл ансыз да, каражат чогултуп, 600 миң сомго шагыл төктүрүп, бул жолду туздөтүшкөн. Айтор, бардык маселелерди өз мойнуна алган эл, көйгөйлөр менен бетме-бет жалгыз калууда. Себеби, бул конуш Көк-Жар айыл өкмөтүнүн балансына өтө элек. 
 
 Жашоочулар кооптонгон дагы бир маселе, жолдун жээгинде чоң канал бар. "Жинди канал" деп аталган бул канал адам эмес, машиналар агызып кетчүдөй. Тургундар эми окуу жылы башталса, балдар анын жээги менен жөө жүрүп, кырсыкка учурабайбы деп кооптонушууда.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter