У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурсултан Назарбаевдин кызы оор учурда атасын колдогондорго ыраазычылык билдирди


 Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева өлкөдөгү жаӊжалдан кийин биринчи жолу Instagram баракчасына пост жазды.
 
Ал ушундай оор учурда атасына колдоо көрсөткөндөргөн мекендештерине ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Нурсултан Назарбаевге аймактардын тургундарынан көптөгөн билдирүүлөр келип жатат.
 
«Бул окуя баарыбыз үчүн биздин тарыхыбыздагы акыркы сабак болсун. Тынчтыкта адамдардын өлүшү туура эмес. Атамды моралдык жактан колдоп жаткандарга рахмат айтам, ушул күндөрү ар кайсы аймактардын жашоочуларынан көп билдирүүлөр келип жатат», — деп жазган Алия Назарбаева. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter