Дарига Назарбаева уулунан айрылгандан кийин элине кайрылуу жасады
- 17.08.2020, 12:38,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы, Казакстан сенатынын экс-төрайымы Дарига Назарбаева уулу Айсултан Назарбаевден айрылгандан кийин элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
«Биздин үй-бүлө сүйүктүү уулубуз Айсултандан ажырап күйүткө батып, аза күтүп, тереӊ кайгырып турабыз. Ушундай оор учурда коомчулук биздин орду толгус жоготуубузду, абалыбызды туура түшүнүү жана сый менен кабыл алат деп үмүттөнөбүз», — деди Назарбаева.
Эске салсак, Айсултан Назарбаев 16-август күнү Лондондо каза болгону айтылган.