У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Согуш бүткөндөн кийин тай энем Украинадан кызын көтөрүп, тай атамды издеп келиптир


"Тай атам менен тай энем согуш учурунда Украинадан таанышыптыр"
Бүгүн Улуу Жеңиш күнү. Ушул күнү дайыма тай энемди куттуктап барабыз. Анткени биздин үй-бүлөнүн башаты ушул жеңиш менен байланыштуу. Анда кеп башынан болсун. Менин тай энем украин кызы. Кыргызча суудай сүйлөп, кыргыз болуп калган. Азыр картайып калды. Тай атам экөө согуш маалында таанышыптыр. Тай энем согуш башталган кезде бойго жеткен кыз экен. Алар турган айылга жоокерлер барышып, тай атам экөө ошол жактан таанышып калыптыр. Тай атам көп жашады. Кийин эле  кайтыш болду. Ата айтсаңыз согуш жөнүндө десек тай энем тай атамды тамашалап: "Атаңар согушпай эле биздикинде жүрчү" деп чычалата берээр эле.

"Тай энем тай атамды Украинадан бери издеп келген..."
Тай атам 19 жашында согушка кетиптир. Согуштун катаал шартында көп жарадар болгон, согуш деген сөздү уккусу келбеген адам эле. Тай атам менен тай энемдин жылдызы келишип, бири-бирин сүйүп, жактырышыптыр. Бирок тагдыр деген ушул экен, тай атамдар башка өлкөгө  буйрук менен кетишип, тай энемди калтырууга аргасыз болуптур. Азыркыдай телефон жок. Ошол  менен байланыш үзүлүп, эки жаш бири-бирин таппай калышат. Тай энемдин тыңдыгын караңыз, тай атамдын аты жөнүн, кайсы жактан экенин жазып калыптыр. Согуш аяктап, тай атамдар айылга келишет. Эл кубанып аскерлерди тосуп алат. Көп өтпөй эле артынан тай атамды украин кызы алыстан издеп келет. Колунда апам (күлүп). Көрсө тай энем көз жарып, кызы бир аз торолгондо Кыргызстанга издеп келген экен.

"Украин кызы кыргызга келин болуп, кыргыз болуп калган"
Ошончо жолдон тай атамды издеп келгенине элдин баары таң калышыптыр. Анда эмне, кыргыз айылдары өнүгө элек, мода менен кийингенди мындай кой, орус тилди тыңыраак билбейт. Тай энем кадимки эле кыздар кийген жыртыктары бар босоножка кийип келе жатса "куураган орус алыс жол басып келиптир, бут кийиминин тамтыгы жок" дешкен экен. (күлүп) Тай энем келгенде тай атам абдан кубанган экен, экөө той өткөрүп, ошол бойдон украин кызы кыргыз болуп айылда туруп калган. Экөө абдан бактылуу өмүр сүрүштү. Өмүр бою тай энем орус тилден сабак берип, балдарды окутту. Азыр ардактуу эс алууда. Жеңиш күн сайын биздин үйдө чоң майрам болуп турат. Тай атам дүйнөдөн өтүп кеткен, тай энем кашыбызда.  Өмүру узак болсун.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter