У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Митингчилер Алматы аэропорттун алышты

  
Алматынын аэропорту митигчилер тарабынан басып алынып, кызматкерлерди эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу Telegram каналы Orda.kz билдирди.
 
Аэропорттун имаратында болгон жүргүнчүлөр мейманканага жеткирилгени такталган.
 
 «Жүргүнчүлөргө эртеден кечке аэропортту армия кайтарып жатканын, учактар штаттык режимде учуп жатканын, катталуу кол режимде болгонун айтышты. Эми аэропорттун коопсуздук кызматы бизге: «Кечиресиз, аэропортту басып алышты. Бүгүн аба каттамдары болбойт деп билдирди”, - деди блогер Алишер Еликбаев Orda.kz сайтына.
 
Ал аэропорттун жанындагы мейманканада жатат жана бүгүн түнү учушу керек болчу.
 
Эске сала кетсек, бир нече күндөн бери Казакстандын шаарларында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жатат — 1-январдан тарта анын баасы литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жеткен нааразылык акциялары республиканын бир катар шаарларында, анын ичинде Нур-Султан жана Алматыда өттү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter