Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин абалы жакшы. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, Камчыбек Ташиев пневмония менен ооруган, ПЦР тест таза чыккан. Учурда абалы жакшы.
«Ал сакайып бара жатат. Абалы жакшы. Басып, сүйлөп, тамак ичип жатат»,-деди министр.
Буга чейин Камчыбек Ташиев пневмонияга шектелип, Республикалык инфекциялык ооруканага жаткырылганы маалымдалган.