У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россияга кирүү үчүн студенттер 2 жолу ПЦР-тест тапшырышат


Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Орусиядагы окуган чет элдик студенттер өлкөгө кириш үчун эки ирет ПЦР-тест тапшырып анан кириши керек экендигин айтышты. 

"Роспотребнадзор мекемесинин жаңы талаптарына ылайык, эми Россияда окуган башка өлкөнүн жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар дагы учарга чейинки акыркы 72 саат ичинде жана Россия аймагына киргенде алгачкы 72 саатта коронавируска тест тапшырышы керек”, — деп айтылат билдирүүдө.

Россияда студенттер экинчи ПЦР-тесттин жыйынтыгын алмайынча обочолонуп турушу керек.

"Студенттер окууга эки ПЦР-тесттин тең жыйынтыгын көрсөткөн соң гана киргизилет”, — деп айтылат кабарда.
Учурда кыргызстандык студенттер Россияга Бишкек — Москва багыты боюнча түз каттамдар менен жетип алса болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter