У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаров: "Иштебей жаткан министрлер бар, бир гана Алымкадыр Бейшеналиев эң жакшы иштеп жатат"


Президент Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишине ыраазы. "Ишти артка тартып, иштебей жаткан министрлер бар, ошол эле учурда ишин абдан жакшы тартып жаткан министр бар. Мисалы, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эң жакшы иштеп жатат" дейт ал  АКИпресс агенттигинин журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып.

"Үч айдан бери иштери алдыга жылбай жаткан министрликтер да бар. Ошол эле учурда ишин абдан жакшы тартып жаткан министр бар. Мисалы, саламаттыкты сактоо министрин Алымкадыр Бейшеналиев депутаттар тепкилеп, “алабыз, бул иштебейт” деп жатышпайбы. Бирок ал чынында эле жакшы иштеп жатат. Өзү (министр Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу) доктор, профессор. Ошол тармакта өмүр бою эмгектенип жүргөн киши экен. Болгону эле тили сайрабайт экен, сөз байлыгы жок. Бирок менеджер.
3 айдын ичинде оптимизация кылды, реформа жасады. Медицина тармагында ичип-желип кеткен, уурдалган акчанын баарын таап, топтоп алып келди. Ошонун негизинде медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулаттык. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы эмгек акыны 100 пайыз көтөрүп бердик. Бул 3,5 миң киши. 10 миң дарыгерге 50 пайыз көтөрүп бердик.
Мунун баары саламаттыкты сактоо министринин жетишкендиги, анын тыным албай иштеген эмгеги болду.
Жакында келип калат. Мобилдик клиника алып жатабыз. Бүт облустарды кыдырат. Абдан чоң клиника болот. Нарындан баштайлы деп жатабыз. Нарынга барып, облустун элин бекер дарылайт, бекер көрөт, хирургиялык операциялар акысыз жүрөт. Томографиясы да бар.
Ал жердеги медиктердин да эмгек акысы чечилди. Абдан жакшы эмгек акы алып иштешет. Эң негизгиси 5 жыл ичинде элибизди бекер дарылайбыз. Дарысы да, операциясы да, караганы да бекер болот. Араб туугандар жардам берип жатат", - деген Жапаров.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter