У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Уу коргошун ичип жатам. Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус менен ооруп калды


Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу министр өзү маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтканына караганда коронавируска карата тапшырган тест оң жыйынтык көрсөткөн.  

«Мен аконитти үчүнчү күнү ичип жатам. Бүгүн жакшымын, кечээ өзүмдү жаман сезип тургам. Мен толук айыгып чыкканга чейин аралыктан иштейм », - деди ал. 

Эске салсак, бир күн мурун, министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында калкты коронавирус инфекциясына каршы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана анын орун басары Жалалидин Рахматуллаевге эскертүүлөр берилди.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter