Акылбек Жапаров Москвага иш сапары менен жөнөп кетти
- 22.11.2021, 12:22,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушуу пландалып, анда эки тараптуу кызматташуу талкууланат.
Белгилей кетсек, сапар тууралуу макулдашуу 2021-жылдын 18-19-ноябрында Ереван шаарында (Армения Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген.