У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркиянын Анкара шаарына учуп кетти


Бүгүн, 9-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркиянын Анкара шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Эки мамлекеттин башчылары эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйынына катышат.
Расмий иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Ошондой эле мамлекет башчы кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн Түркияда иштеген жарандары, студенттер, диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:
— Кыргыз Республикасынын президентинин жубайы Айгүл Жапарова;
— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— Президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;
— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;
— Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
— Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;
— Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
— Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;
— Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter