У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү


Премьер-министр Садыр Жапаров Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, мындан аркы кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жаатында өз ара аракеттенүү жана калкты COVID-19дан сактоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулады.  Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

"Кыргыз тарап буга чейин аныкталган тышкы саясат мамилесин эч качан өзгөртпөйт жана Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Өз кезегимде, мен мындан аркы өз ара аракеттенүү жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелеринин топтомун илгерилетүү үчүн керектүү аракеттерди көрүүгө даярмын", - деген Садыр Жапаров.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter