У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө изделип жаткан кыз көл жээкте асынып алган абалда табылды


Ысык-Көл облусунда изделип жаткан кыз көл жээгинде асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, 26-октябрда Тоң районунун ички иштер бөлүмүнө 1982- жылы туулган Т.К арыз менен кайрылган. Ал 19 жаштагы кызы С.А. дайынсыз болуп жатканын айткан. Издөө иш-чараларынын алкагында багыттар берилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары башталган.
 
 27-октябрь күнү саат 07:00дөр чамасында Тоң районунун ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Тоң айылындагы көлдүн жээгинде асынып каза болгон кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
 
Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып, кыздын өздүгү такталган. Ал дайынсыз жоголгон 19 жаштагы С.А. экени белгилүү болгон. Сөөккө сырттан кароо жүргүзгөндө зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери табылган эмес.
 
Кыздын сөөгү аймактык оорукананын өлүкканасына жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter