У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


1,5 жылдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан К. Асановдун сөөгү табылды


Бишкекте курулуп бүтө элек үйдөн белгисиз жарандын сөөгү табылды. Сөөктү курулуш иштерин жаӊы баштап жаткан куруучулар тапкан. Ал дайынсыз жоголгон 50 жаштагы Канат Асанов экени аныкталды. Бул тууралуу 5-июлда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, милицияга 2-июлда саат 23:00 чамасында Садырбаев көчөсүндөгү курулуш иштери жүрүп жаткан үйдөн белгисиз жарандын сөөгү табылганы туурасында маалымат келип түшкөн. 
 
Бул факт КЖБРине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен катталган.
 
Табылган сөөктүн өздүгү 3-июлда аныкталган. Маркум 1969-жылы туулган Канат Асанов экенин анын туугандары таанышкан.
 
Эске салсак, Канат Асанов 2020-жылы 9-январда жоголгон. Ошол күнү ал Ынтымак конушундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Туугандары милицияга арыз менен кайрылышкан.
 
Издөөгө Канаттын бир тууган иниси 46 жаштагы Кубат Асанов дагы кошулган. 15-январда ал агасын издөө үчүн үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. 2020-жылдын февраль айында Кубат Асановдун сөөгү өлүкканадан табылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter