У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта 19 жаштагы бала 18 жаштагы кызды өлтүруп, андан соң өзү асынып алды


Талас облусунда 18 жаштагы кызды 19 жаштагы бала өлтүрүп, андан соң өзү асынып алды.  кетишти. Бул тууралуу  Талас ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-июнда болжол менен саат 15:20 чамасында Кара-Буура РИИБинин нɵɵмɵт бɵлүмүнɵ "Тез жардам" кызматынан Жаңы-Жер айылында белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Билдирүүнүн негизинде, тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Окуя Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында болгон. Ал жерде токтоп турган унаанын ичинен кыздын болжолдуу ок атуучу куралдан алган жаракаты менен жансыз денеси табылган. Кароо жана текшерүү жүргүзүү учурунда, жарандын аты-жөнү аныкталып, ал Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылынын 2003-жылы туулган тургуну экендиги белгилүү болгон. Ал эми табылган унаа айып короо жайына токтотулган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Милиция кызматкерлеринин иш алып барууларынын негизинде, кылмышка шектүү табылып, кызматкерлер барган учурда ал асынып каза болгондугу аныкталган.

"Ал 2002-жылы туулган А.Т. аттуу Кара-Суу айылынын тургуну экендиги такталды. Андан тышкары Кара-Буура РИИБинин тергөө бөлүмүнө 18 жаштагы Р.Н. аттуу бала алып келинген. Анын аталган кылмышка канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендиги текшерилип жатат. Учурда тергөө жана иликтөө иштери уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter