У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто 37 жаштагы жарандын өлүмүнө шектелип 22 жаштагы кыз кармалды


 Ош шаарында 37 жаштагы жаран бычактан жараат алып каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, түнкү саат 02: 55те Шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура РИИБине аймактар аралык бириккен клиникалык ооруканадан чакыруу түшкөн. Алар С.Касымбеков атындагы көчөсүндө жайгашкан кафенин жанында 35-40 жаштардагы эркек кишинин  сол бутунан жаракат алып, аймактар аралык бириккен клиникалык ооруканага жеткирилгенин билдиришкен.
 
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы ("Денеге оор залал келтирүү") кылмыштын белгилери менен Шаардык ички иштер бөлүмүнүн электрондук маалымат журналына катталып, сотко чейинки өндүрүшкө кабыл алынган.
 
Тергөөнүн жүрүшүндө сол бутунан жаракат алып каза болгон жаран Кара-Суу районунун 1984-жылы туулган М.Ш. экени такталды. Ал көп кан жоготуудан улам ооруканада каза болгону аныкталган.
 
Соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы сөөктү сырттан кароо учурунда, бутунун жогорку ички бөлүгүндө бычактан жараат алганы такталган, анын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук -медициналык экспертиза дайындалган.
 
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында күбө катары маркумдун досу А.С. жана башка күбөлөр Б.М., Ч. уулу Н., А. уулу А жана С. уулу Н. суралган.
 
Алардын көрсөтмөсүнө ылайык, 28 -сентябрда саат 02: 50дө алар "Кенч" кафесинде отурушкан. Маркум Ш.М. менен отурган С.Р. (кыз киши) жана Р.А. (кыз киши) сөз талашып уруша кетип, кафеден сыртка чыгышканда С.Р. мас абалда Ш.М.нын бутуна колундагы бычагы менен бир жолу сайып жибергени айтылган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган С.Р. атту тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 
 
Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter