Кыргызстандын Кабулдагы элчилигинде жыйырмага жакын кыргыз жараны бар
- 16.08.2021, 16:18,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын Кабулдагы элчилигинде 20дай кыргыз жараны бар. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги КРнын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязовдун маалыматына таянуу менен билдирди.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысынын айтымында, 21 -августка чейин бардык жарандар Кыргызстанга эвакуацияланат.
Тышкы иштер министрлиги департамент өлкөдөгү окуяларды, ошондой эле бул өлкөдөгү аскердик-саясий кырдаалдын саат сайын өзгөрүүсүн тыкыр көзөмөлдөп турарын белгиледи.
"Министрлик жана элчилик Кыргызстандын жарандары менен дайыма байланышта", - деп айтылат билдирүүдө.