У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айрым өлкөлөр Ооганстандагы элчиликтерин жана консулдуктарын жаба баштады


Айрым өлкөлөр Ооганстандагы элчиликтерин жана консулдуктарын жаба баштады. Бул тууралуу РБК билдирди.
 
Гезит жазгандай, Норвегия менен Дания Кабулдагы элчиликтерин убактылуу жабышууда, Германия, АКШ жана Улуу Британия дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн кыскартууда. Азырынча Орусиянын дипломаттарын эвакуациялоо планы жок.
 
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн иши боюнча азырынча расмий билдирүү жасай элек.
 
Эл аралык куралдуу күчтөр республикадан чыгарылгандан кийин Ооганстандагы абал начарлады. Мунун фонунда талиптер чабуулга өтүп, өлкөнүн бийлигинен аймактарды кайтарып ала баштады. 13 -августта ооган бийликтери талиптер экинчи чоң шаар Кандагарды басып алганын моюнга алышкан. Акыркы чалгындоо эсептери боюнча, талибдер Кабулду жакынкы айда басып алышы мүмкүн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter