У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик-техникалык жардам өлкөлөр ортосундагы чек ара чырын чечүү үчүн берилбей турганын айтты


Тажикстан менен Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам өлкөлөр ортосундагы чек ара чыр-чатактарын чечүү үчүн берилген жок. Бул тууралуу Tengrinews Казакстандын Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
 
2019-жылдын декабрь айында Тажикстандын Коргоо министрлиги тажик-ооган чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу казак тарапка аскердик-техникалык жардам сурап кайрылган.
 
Акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө өкмөттөр аралык келишим иштелип чыккан, ага кол коюлган.
 
Мындан тышкары, министрлик айткандай, ушундай эле келишимге 2-мартта Кыргызстан менен кол коюлган.
 
«Бул келишимдер Кыргызстан жана Тажикстан менен ушул мамлекеттердин ортосундагы чек ара талаштары курчуп кеткенге чейин түзүлгөн. Азыр кол коюлган келишимдерди ратификациялоо иштери жүрүп жатат. Аскердик-техникалык жабдууларды жеткирүү эки мамлекеттин ортосунда болгон карама-каршылыктарды жөнгө салуу жана кырдаалды нормалдаштыруу боюнча макулдашууга жетишкенден кийин гана жүзөгө ашырылат”, - деп айтылат билдирүүдө.
 
 Кыргызстан менен Тажикстан аскердик-техникалык жардамды алар чек арадагы талаш-тартыштарды чечүүдө колдонбошу керек.
 
Буга чейин Казакстандын Коргоо министрлиги Тажикстанга акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелегени маалымдалган. Ал 17-июнга чейин «Открытые НПА» порталында коомдук талкууга коюлган. Кийинчерээк 2021-жылы март айында Нур-Султан шаарында Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосунда бекер аскердик-техникалык жардам жөнүндө келишимге кол коюлгандыгы белгилүү болду.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter