У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Талибан» кыймылынын өкүлү Ооганстандагы согуштун аяктаганын билдирди

 
«Талибан» кыймылынын өкүлү Мохаммад Наим Ооганстандагы согуштун аяктаганын билдирди. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы билдирди.
 
Анын айтымында, өлкөдө башкаруу формасы жакын арада аныкталат. Мухаммад Наим талиптер 20 жылга созулган согушту токтото алышканын баса белгиледи. «Талибан» кыймылынын өкүлү ошондой эле кыймыл оогандарга жана дипломатиялык миссияларга коопсуз жашоо шарттарын камсыздай турганын белгиледи.
 
Буга чейин талиптер кыймылынын саясий кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар талиптер оогандардын коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыздоого жөндөмдүүлүгүн далилдөөгө тийиш экенин белгилеген. 
 
15 -августта «Талибан» кыймылы Ооганстандын бардык аймагында көзөмөл орнотулганын жарыялашкан. 
 
Ооган Tolo News агенттигинин маалыматына ылайык, президент Ашраф Гани бийлигин алдыргандан кийин өлкөдө чыгып кеткен. Ал алгач Тажикстандын борбору Душанбеге барганы, кийин ал жерден башка жакка жөнөп кеткени, кайсы жер экени так айтылбай жатканы кабарланды.
 
Батыш өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин көбү Кабулдан чыгып кетишти. Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби АКШ Кошмо Штаттары ушул кезге чейин Ооганстандан бир нече жүз америкалыкты, анын ичинде дипломатиялык кызматкерлерди жана жөнөкөй жарандарды эвакуациялаганын билдирди.
 
Сауд Арабия бийлиги Кабулдагы элчилигинин бардык кызматкерлерин эвакуациялады. Финляндия Кабулдагы элчилигин жабат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter