Коронавирус менен ооруп ооруканада жаткан 158 адам өтө оор абалда
- 02.07.2021, 11:21,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда коронавируска каршы 13557 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
9 миң 815 бейтап амбулатордук шартта (үйдө), ооруканаларда - 3 миң 691 дарыланып жатат. Анын ичинде 158 адам - өтө оор, 948 – оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 2 миң 253 адам (же 61 пайыз) - орто оор деп бааланууда, 332 бейтап канааттандырарлык абалда.