Коронавирус жуктуруп алган 624 адам оор абалда
- 09.06.2021, 17:32,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 3 миң 898 адам коронавируска каршы дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Амбулаториялык (үй шартында) 2 миң 80 бейтап, ооруканаларда 1 миң 818 адамды дарыланууда. Анын ичинде 106 адам өтө оор, 518 адам оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 165 адам (же 64 пайыз) - орто оор деп бааланып, 29 адам канааттандырарлык абалда.