Чек ара боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды
- 01.05.2021, 16:58,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ортосунда сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын делегациясын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстан тарапты УКМКнын башчысы Саймумин Ятимов жетектөөдө.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар учурдагы кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулашат.
Министрлер кабинети бул жолугушууну өткөрүү тууралуу келишим эки мамлекеттин башчыларынын телефон сүйлөшүүсүнөн кийин жетишилгенин эске салды.